News

03.09.2023-жыл. Түркиянын Улуу Памырына сапар.

03.09.2023-жыл. Түркиянын Улуу Памырына сапар. Түркиянын түрк дүйнөсү менен кызматташтык жана ишмердүүлүктүн координациялоо боюнча TlKA агентствосунун каржылоосунун алкагында Сиирт унивеситетинде Чехияда үзүрлүү эмгектенип жаткан профессор, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин, Сиирт унивеситетинин профессору, тарых илим доктору Гульниса Айнакулованын демилгелери менен Түрк республикасынын 100 жылдык маарекесине жана Рахмакул ханга байланыштуу Эл аралык симпозиум болуп өттү. Бул симпозиумга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Германиядан жана Кыргызстандын бир топ окуу жайларынан белгилуу тарыхчы окумуштуулар, ОшМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин "Кыргызстан тарыхы, археология жана этнология" кафедрасынын доценти, т.и.к. Т. Жаркынбаев, Түркиянын жогорку окуу жайларында үзүрлүү эмгектенип жатышкан PhD докторанттар катышып Туркестандагы "басмачылар" кыймылы жана Рахманкул хан боюнча өтө актуалдуу жаны маалыматтар камтылган илимий өңүттө докладдар жасалды. Симпозиумдан соң Улуу Памырдагы Рахманкул хандын айылына барып жергиликтүү кыргыздар менен баарлашуу болду. Баарлашууда бир топ көйгөйлөрүн ортого салышты: 1. Жаш муундар мектепте турк тилинде билим алышып кыргыз тилин унутуп баратышат. Кыргыз өкмөтү Түркия өкмөтү менен келишимдин негизинде Кыргызстандан кыргыз тил, адабият мугалимин камсыздап, айлык акы маселесин чечүү 2. Мектепти бүткөн окуучуларыбызды Кыргызстандын орто жана жогорку окуу жайларга гранттык негизде окутуп берүү 3. Жер, үй салуу маселеси өтө оор. 40 жылдан бери кошумча жайыт, жер участогу берилбей, Билимдүү жаштар Туркиянын чоң шаарларына көчүп кетип түрктөшүп кетүүсү, аларда тил, кыргыз менталитети, баалулуктары жоголушу ж.б. маселелер бар экендигин билдиришти. Ошондой эле акыркы 10 жылдын ичинде Кыргызстандан кыркка жакын кыздарыбыз Улуу Памыр жигиттерине турмушка чыгып, бактылуу жашап жатышкандыгын айтышты. Иран менен болгон чек ара ачык болгондуктан жана чек арага жакын жайгашкан Түркиянын аймагындагы курд террордук уюмдар кыргыз айылына кол салып, малын айдап кетип, кооптуу кырдаалды жаратып келишкендигин айтышты. Түркия өкмөтүнүн демилгеси менен кыргыз жигиттеринен сакчы отряддары түзүлүп, чек араны, өз айылын коргоо милдеттерин аткарып жатышат. Туугандарыбыздын аманаттарын Кыргыз өкмөтүнө жеткирүүнү профессор Т. Чоротегин өз мойнуна алды.
192 07:16 11-10-2023

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|