News

III Эл аралык алтайистика форумуна ОшМУнун этнографтары катышып келишти.

ОшМУнун ички грантынын «Кыргызстандын түштүк аймактарындагы этнографиялык изилдөөлөр (Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы экспедициялардын негизинде)” долбоорунун алкагында Ала-Бука,Лейлек этнографиялык экспедицияларынын жана “Алтайдан –Чаткалга” Эл аралык этнографиялык экспедициялар мезгилинде жыйналган талаа материалдары боюнча Алтай мамлекеттик университетинин чакыруусу менен Барнаул шаарында өткөн “Азыркы заманга ылайык славян жана түрк элдеринин тарыхынын бирдейлиги”- аттуу III Эл аралык алтайистика форумуна ОшМУнун этнографтары катышып келишти. Ал форумда этнографиялык экспедициялар мезгилинде жыйналган талаа материалдары боюнча Алтай мамлекеттик университетинин имаратында электрондук сүрөт көргөзмө жана жөнөкөй көргөзмөсү уюштурулду. Андан башка ОшМУнун жөнүндө жана илимий изилдөөлөрүнө,“Алтайдан–Чаткалга” Эл аралык этнографиялык экпедиция боюнча атайын стенд уюштуруп, илип коюшкан. Алтай мамлекеттик университетинин жетекчилиги ОшМУ менен эки жактуу келишим бардыгын, Алтай мамлекеттик университетинин эң ненгизги өнөктөшүү ОшМУ экендигин баса белгилеп, ОшМУ жөнүндө жакшы ойдо экендигин , этнографиялык экспедициялар жакшы болуп жатканын, мүмкүн болсо этнографиялык экспедицияларды Алтай мамлекеттик университети менен биргеликте Алтайда өткөрүүнү сунушташты.
157 07:12 03-11-2023

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|