News

Туризм программасынын студенттери Экологика 3.0 долбооруна катышышууда

IDEA Борбордук Азия жана Кыргызстандагы туристтик тармакта энерго- ресурстарды натыйжалуу пайдалануу (PERETO) долбоору уюштуруп, Европалык союздун SWITCH-Asia программасы тарабынан каржыланып жаткан, климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанда терс натыйжалары менен күрөшүүгө арналган долбоордун алкагында тандоодон өткөн 6 студент иш-чарага катышышууда. Экотондун негизги максаттары: - климаттын өзгөрүүсү туруктуу туризм боюнча билимдерин жогорулатуу; - эко-принциптерге негизделген кичи жана орто бизнести өнүктүрүүдө санарипти пайдалануу; - IT жана санариптик жөндөмдөрдү калыптандыруу; - университеттердин, бизнес-сектордун, IT-чөйрөнүн байланыштарын жакшыртуу. Команда 2023-жылдын 4-7-декабрында ректордун буйругу менен Бишкек шаарында болушат жана доцент К.Т. Самиев жетектөөдө.
288 04:58 06-12-2023

                 

News

|< 2 3 4 5 6 >|