News

ГЕОГРАФТАР ТООЛОР КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ!

Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде 11-ДЕКАБРЬ - “ЭЛ АРАЛЫК ТООЛОР КҮНҮ” майрамына карата “Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм” кафедрасынын алдында уюшулган ГЕО-креатив ийрими тарабынан география адистигинин студенттеринин арасында "ТООЛОР БИЗДИН БАЙЛЫГЫБЫЗ" аталышындагы географиялык кече болуп өттү! ГЕО – креатив ийрими тарабынан өткөрүлүп жаткан кеченин максаты: 1. География адистигин даңазалоо; 2. Адистиктин ички биримдигин бекемдөө; 3. Адистикке байланыштуу майрам күндөрдү белгилөө; 4. Географиялык ареалды кеңейтүү. Кечеге, Кокон мамлекеттик педагогикалык университетинен келген географтарда катышты! Кеченин коногу география илимдериминин доктору Кузибаева Озодхан Махмудовна география профилинин студенттерине «Транс чек аралык дарыялар жана айыл чарбадагы мааниси» деген темада лекция өтүп, сабак кызыктуу талкууланды. Жыйынтыгында: 1-орун 4-курс “Жер” командасы; 2-орун 2-курс “Жеңиш” командасы; 3-орун 1-курс “Эверест” командаларына дипломдор берилди. “Чыныгы географ” номинациясын 2-курстун студенти Кадырова Дилрозага, “Таланттуу студент” номинациясын 1-курстун студентти Асанбек уулу Темирланга ыйгарылды. Ар бир катышкан топторго “Ардак грамота”, кызыктыруучу белектер тапшырылды. Уюштуруучулар; ГЕО-креатив ийриминин жетекчиси Базарбаева Гүлкайыр Базарбаевна жана география адистигинин 3-курсунун студенттери.
407 03:47 14-12-2023

                 

News

|< 2 3 4 5 6 >|