News

Студенттер санарип туризм платформаларын колдонууну үйрөнүүдө

Интернет Коомунун Кыргыз бөлүмү Американын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен “Туристтик санарип платформаларын колдонуу аркылуу кыз-келиндердин экономикалык бакубаттуулугун жогорулатуу” аталышындагы долбоор Кыргызстандын аймагында 500 айымга санарип көндүмдөрдү үйрөтүү максатын койгон. Долбоор санариптик туризм платформаларын колдонууга адистештирилген санариптик көндүмдөрдү 2024-жылдын 13-мартында “600200 туризм” программасында окуган (күндүзгү, сырттан болуп) 26 студентке окутууну баштады, аймактарда туризм тармагында ийгиликтүү иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн керектүү инструменттерди Instagram, Facebook, Whatsapp Business мессенджери, Google Maps жана 2ГИС карталарын туризм платформаларында пайдаланууну жана Booking.com, AirBnB сайттарын ачуу, пайдалануу боюнча билимдерди берип жатат. Окутуу онлайн форматында дагы улантылмакчы.
166 08:13 14-03-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|