News

30.04.2024. ОшМУнун ЧАЗ да ОшМУнун ДКжУМББ борборунун «Ярмарка вакансий-2024» бош жумуш орундардын жарманкеси болуп өттү.

30.04.2024. ОшМУнун ЧАЗ да ОшМУнун ДКжУМББ борборунун «Ярмарка вакансий-2024» бош жумуш орундардын жарманкеси болуп өттү. Жарманкеге Ош, Баткен, Джалал-Абад областарынын мамлекеттик жана жеке менчик медициналык мекмелеринин директорлору катышышты Жарманкенин ачылыш аземине Президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Арстанкулов Т.К ,Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исаков Ж. М жана ОшМУнун проректору Омуров Н.К катышып, жарманкенин ийгиликтуу отушуно каалоолорун айтышты. ДКжУМБББнун директору м.и.к, доцент Жанбаева А.К ординаторлордун акыркы 3 жылда ищке орношуулары боюнча кенири маалымат берип, борбордо ординаторлорду даярдоодо колдонулуп жаткан интерактивдуу ыкмалар,академиялык мобилдуулук жана башка жетишкендиктер боюнча презентация жасады. Ош шаары,Ош областы боюнча саламаттык сактоо координаторунун орун басары Кожобекова Ш.М, Баткен областы боюнча саламаттык сактоо координатору Борубеков А.К , Джалал-Абад областы боюнча саламаттык сактоо координатору Байдавлатов К. К оз областарында ординаторлорго бош иш орундары боюнча, медициналык мекемелердин заманбап материалдык техникалык базалары, жабдуулары менен тааныштыруу презентациялары менен чыгуу жасашты . Иш-чаранын алкагында, иш беруучулор ординаторлорго ишке орношуу, кесиптик даярдоо, иш берүүчү менен алгачкы маектешүүлор болуп , ординаторлор оз суроолоруна толук жооп алышты. Жарманке ДКжУМБББ бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, жана ординаторлордун эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана иш менен камсыз кылуу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.
111 04:43 03-05-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|