News

Ташкент шаарына илимий сапар

ОшМУнун ТТАТФнин Химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын доценттери К.К.Сапаров менен Т.А.Абдулазизовдор 2023-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын Илимдер Академиясынын Жалпы жана органикалык эмес химия институтунун түзүлгөнүнүн 90 жылдыгына жана Өзбекстан Республикасынын Илимдер Академиясынын түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-техникалык конференцияга катышып келишти. Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинин химия факультетинде доцент К.К.Сапаров “Кычкылдануу-калыбына келүү реакциялары” жана доцент Т.А.Абдулазизов “Туздардын гидролизи” деген темада конок лекция окушту. https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20231122033421-ibraim.jpg https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20231122033451-ibraim.jpg https://base.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20231122033510-ibraim.jpg
135 03:35 22-11-2023

                 

News

|< 1 >|