Профессор Д.Т.Алтыбаеванын Фергана мамлекеттик университетине илимий иш сапары
02:23
ОшМУнун ТТАГФнин химия жана химиялык технологиялар кафедрасынын профессору Алтыбаева Дильбара Тойчуевна, аспиранты Бекташева Умсунай 2023-жылдын 20-21-ноябрь күндөрү Өзбекстан республикасынын Фергана мамлекеттик университетине илимий иш сапар менен барып келди. Илимий иш сапарда комплекстүү кошулмалардын ИК-спектрлерин аныктоо боюнча төмөндөгүдөй эксперименталдык иштер:
- MnCl2:треонин, CoCl2:треонин, NiCl2:треонин, MnCl2:валин, CoCl2:валин, NiCl2:валин (1:1) бирикмелеринин эриткичтердеги (бензол, хлороформ, этанол) эригичтиги,
- пайда болгон комплекстердин эрүү температурасы,
- спектрофотометриялык метод менен комплекстердин жутулушу,
- баштапкы жана алынган кошулмалардын микрокристаллдары аныкталды.
126 02:23 23-11-2023