News

ОшМУ - жашыл өнүгүү жолунда

ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети университеттин 85 жылдык мааракесине карата «ОшМУ - жашыл өнүгүү жолунда» аттуу иш-чара өткөрдү. Иш-чарага табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар, медицина, теология жана кыргыз-кытай факультеттеринин студенттери катышты. Студенттер тарабынан «Жашыл экономика Кыргызстанда» аталышындагы видеороликтер тартууланды. Видеороликтер социалдык тармактарга жайгаштырылып, эң көп көрүүчү топтгон материалдарга артычылык берилди. Иш-чаранын алкагында «Кыргызстандын экологиялык көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдору» аталышында дебаттык таймаш орун алды. Мында студенттер өздөрүнүн тапкычтыгын, экологиялык билиминин тереӊдигин көрсөтүшүп, уюштуруучулар тарабынан дипломдор, кубоктор, ал эми Орхус борбору тарабынан белектер менен сыйланды. Окуу жайдын 85 жылдык мааракесине арналган иш-чара ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин зоология, экология жана биоинженерия кафедрасы жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюумунун Орхус борбору тарабынан уюштурулган. Иш-чара жашыл экономика дисциплинасы боюнча студенттердин алган билимдерин бекемдөө, жаштарды экологиялык маданияттуулукка тарбиялоо, окуу жайдын туруктуу өнүгүүсүнө жана жашыл университетке карай багыт алуусуна салым кошуу максатын көздөйт.
117 05:19 02-04-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|