News

ОшМУ Хэнань кытай медицинасы университети менен кызматташат

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Кытайдын Хэнань кытай медицинасы университетинде болушту. Жолугуушуунун жүрүшүндө профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу, медицина жана фармокология багыттарында илимий изилдөө иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды. ​Кытай тарап ОшМУда кытай медицинасы боюнча адистерди даярдоо, PhD докторанттарды биргеликте окутуу боюнча сунушун билдирди. Ошондой эле ОшМУнун клиникасынын базасында “Кытай медицина” борборун ачуу талкуланды. Хэнань кытай медицина университети 1958-жылы ачылган. Кытайдын эң мыкты окуу жайларынын катарына кирет.
91 05:40 29-04-2024

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|