News

АГИде илим жумалыгынын алкагында илимий конференция өттү

Бүгүн 21-апрелде Арашан гуманитардык институтунда “Дин, тарых жана маданият” деген темада аспирант жана магистранттардын илимий конференциясы болуп өттү. Конференцияга факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышышты. Конференцияда АГИнин дин таануу факультетинин окутуучусу, теологиянын доктору Ж. Себетов “Кыргызстан аймагынан чыккан ислам укукчулары жана алардын ислам укугу илиминин өнүгүшүнө кошкон салымы”, А. Дубанаев “аль-Газалинин философиялык көз караштары” жана Ж. Хакназаров “Ислам дининин Орто Азия маданиятына тийгизген таасири” деген темада баяндама жасады. Конференция катышуучулардын суроо-жооптору менен аяктады.
5832 16:59 21-04-2016

                 

News

|< 3 4 5 6 7 >|