ОшМУнун STEM инновациялык колледжинде Ош мамлекеттик университетинин 85
жылдык юбилейине, 21-март “Нооруз” майрамына карата “Нооруз көктөм”
аталышындагы иш-чара болуп өттү.
Бул иш-чаранын негизги максаты:
1. ОшМУнун 85 жылдык мааракесин даңазалоо;
2. Студенттердин маданий иш-чараларга болгон кызыгууларын өнүктүрүү;
3. Студенттердин бири-бирине болгон байланышын чындоо;
4. Таланттуу студенттерди табуу жана алардын шык-жөндөмүн өстүрүү;
5. Нооруз майрамын утурлап татыктуу тосуп алуу.
Иш-чаранын жүрүшүндө STEM инновациялык колледжинин таланттуу студенттери
тарабынан жагымдуу ыр-бийлер, акыйнек айтышуу, адистиктер тарабынан кызыктуу
каада салттар, улуттук оюндар, жана улуттук даамдар боюнча жарыш болуп бир
топ кызыктуу номердик аткаруулар орун алды.
Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышкан студенттерге диплом, ыраазычылык
каттар тапшырылды.