News

STEM инновациялык колледжинин студенттери Ыссык-Кол облусунда ондуруштук практикасында

STEM инновациялык колледжинин 2- курсунун ВТс 1-21 группасынын студенти Асанов Ильяз, 3- курстун ВТс 9-1-20 группасынын студенти Уразбаев Максат, өндүрүштүк практиканы алдын ала түзүлгөн келишимге ылайык, Ыссык Көл областынын Каракол шаарындагы “Эковет” ветеринардык клиникасында өтөп жатышат. Аталган ветеринардык клиникада жаныбарларга ветеринардык жактан жардам көрсөтүу иштери жакшы жолго коюлгандыктан күнүнө ар бир группага 10 дон ашуун кабыл алууларды жана ар түрдүү ветеринардык кызматтарды көрсөтүүгө туура келет. Клиникада 3-4 группа иш алып барат. Биздин коллеждин студенттери жаныбарларга диагноз коюда заманбап аппараттарды (Рентген, УЗИ) колдонуу менен тактык менен диагноз коюу жолдорун, ар түрдүү сезгенүү процесстерин, травмаларды ж.б. оорууларды дарылоо иштерин, заманбап операцияларды (руменртомия –уйлардын ашказанына, Кесарева сечение, жаныбарлардын мээсине ценуроз оорусуна каршы жасалуучу операцияларды) үйрөнүшүүдө. Студенттерибиз Асанов Ильяз, Уразбаев Максат колледжге келгенден кийин, калган студенттерге үйрөнүп келишкен иш тажрыйбаларын үйрөтүшмөкчү. Студенттерибиз практикага барууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн коллеждин жана университеттин жетекчилигине ыраазычылктарын билдиришүүдө. Б.и.к., доцент А.Халмурзаев
118 13:03 28-09-2022

                 

News

|< 1 >|