“3 айга 3 китеп” аталышындагы китеп окуу конкурсунун жобосу
I. Сынакты уюштуруунун максаты жана милдети:
Ø Студент жаштарды илим-билимге шыктандыруу;
Ø Адамдык мамилелерди өркүндөтүү;
Ø Жаштарды китеп окууга үндөө жана өркүндөтүү.
II. Сынакты өткөрүү убактысы жана жайы:
Таймаш 2021-жылдын 10-сентябрь күнү ОшМУнун жыйындар залында өткөрүлөт.
III. Сынакты өткөрүү тартиби жана эрежеси:
Сынак төмөндөгү 3 китеп боюнча уюштурулат. Сынак Махатхир Мохамаддын “Бир өлкөнүн өнүгүү сырлары” китептери боюнча тесттик суроолор түзүлөт.
Ø Сынак Kahoot программасы аркылуу уюштурулат;
Ø Каттоо уюштуруу тобу тарабынан жүргүзүлөт;
Ø Сынак массалык маалымат каражаттары тарабынан коомчулукка чагылдырылат;
Ø Баалуу белектер жана номинациялар уюштуруу тобу тарабынан бекитилет;
Ø Сынакка катышуучулар 1-июлга чейин уюштуруу тобуна кайрылуусу керек.
VI . Уюштуруу тобунун милдеттери жана укуктары:
Ä Иш-чараны сынактын жадыбалы боюнча уюштуруу;
Ä Белгиленген китептер боюнча тесттик суроолорду түзүү;
Ä Сынактын шарттарына кайдыгер караган жана тиешелүү талаптарды канааттандырбаган катышуучуларды сынактан четтетүү;
Ä Зарыл учурда сынактын жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү.
VII. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо
Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү деп табылган студенттерге төмөндөгүдөй белектер жана грамоталар ыйгарылат.
1- орун: Ноутбук
2- орун: Планшет
3- орун: Велосипед
Эскертүү:
Жыйынтык талкууга алынбайт жана өзгөртүлбөйт
Уюштуруу тобу:
Ош МУнун жаштар кеңеши
Дареги:
Ош МУнун башкы имараты.
Тел.: +996700 04 53 53.