News

География мугалимдеринин усулдук кеңеши ОшМУнун ТТГФде өттү

Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары жана Ош шаарындагы мектептердин география мугалимдеринин ортосундагы байланышты чыңдоо максатында өткөрүлгөн, география предмети боюнча сентябрь айынынын усулдук кеңешмеси ОшМУнун табият таануу жана география факультетинин базасында болуп өттү. Усулдук кеңешменин ачылышында факультеттин деканы, г.и.д., профессор А.Г. Низамиев кеңешменин катышуучуларын билим майрамы менен куттуктап ийгиликтерди каалады.

Усулдук окуунун максаты: Азыркы учурдагы география предметин окутуудагы системалуулук.

Көрсөтүлгөн теманын алкагында:

- “Мектеп географиясынын өсүп-өнүгүшү жана учурдагы абалы” ага окутуучу Ж.Султанов,

- “Географияны окутуудагы системалуулук” улук окутуучу А.Зулушева,

- “Аралыктан жана салттуу окутуу учурунда жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган заманбап программаларды колдонуу” окутуучу Жапар кызы Б.,

- “Олимпиадалык топтор менен кантип иштейбиз” деген тема боюнча №52 мектептин географ мугалими Ф.Баймуратовалар баяндама жасашты.

Усулдук кеңешменин жыйынтыгында азыркы учурдагы география предметин окутууда пайда болгон көйгөйлүү маселелерди, календардык пландарды түзүүдөгү мүчүлүштүктөрдү чечүүнүн жолдорун Табият таануу жана география факультетинин окутуучулары менен биргеликте чечүү жагы каралды.

198 16:08 02-09-2021

                 

News

|< 1 2 3 4 >|