Агай Американын, Европанын Математикалык коомдорунун, Америка математиктер Ассоцациясынын, Индустриалдык жана колдонмо математика коомдорунун мүчөсү. “Америкалык Математика жана статистика” журналынын редакциялык кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан математиктер коомунун Вице-президенти. Илимпоз агайыбыз жыл сайын англис тилинде чыккан математикалык илимий китептерди тынымсыз сатып алып, үзгүлтүксүз изденүүнүн үстүндө жүрөт. Келдибай Алымкулович элине сиңирген ак эмгеги, мээнеткечтиги, изденгичтиги, ийгиликтери менен 70 жашка келип, эл алдында жүзү жарык, аброю бийик болуп турат. Тыным билбеген өжөрдүгү, эмгекчилдиги менен жаштарыбыз өрнөк туткан өмүрүн сүрүүдө. Жубайы физика-математика илимдеринин доктору, көп кырдуу талант Гулбадан Матиева менен илимий үй-бүлө катары жаштарга үлгү көрсөтүшүүдө. Бири-бирин толуктап, бири-бирин колдоп, экөөсү тең илимдин доктору, профессор болгон мындай үй-бүлөлөр Кыргызстанда өтө аз кездешет. Келдибай Алымкулович, Гулбадан Матиеванын ыр кечесинде кыргыз залкарларынын ой берметтеринен жатка окуганда, биз агайдын да жан дүйнөсүндө сезим, поэзияны сүйүү, сөздүн кудуретин ардактоо бар экендигине ынанып, кол чаптык. Гулбадан Матиевна да кадамын кыргыз айымдарынын каадасын кармап, агайга сый-урмат менен мамиле жасап, жакасын агартып, илим менен алпурушуп, алектенүүсүнө кеңири шарт жаратууда.
Агайдын жөнөкөйлүгүндө чек жок. Анткени 70 жылдык маарекесин чоң деңгээлде белгилейли деп сунуш кылсак макул болгон жок. Анан биз агайдын 70 жылдыгына арналган атайын илимий журналдын бир санын чыгарууга уруксат алдык. Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.Алымкуловдун 70 жылдык маарекеси кыргыз илимий коомчулугу үчүн чоң окуя. Анткени, Келдибай Алымкуловичтин эмгектери математикага акыл сереси жеткен дүйнөлүк математика коомчулугу үчүн да мааниге ээ.
Урматтуу Келдибай Алымкулович !
Сизге узун өмүр, бекем ден-соолук тилейбиз, илимдеги изденүүлөрүңүз ийгиликтүү улана беришин каалайбыз. Шакирттериңизге нускалуу кебиңизди айтып, илимде изгилүү жол көрсөтүп, узак-узак өмүр сүрүүңүздү тилектешпиз.
Исаков К.А.
ф.и.д., профессор