Haber

НКББПны талкуулоо

2023-жылдын 2-февралында Информациялык технологиялар бөлүмүнүн АСОИУ, ПИЭ жана ТОСВТ адистиктеринин "Негизги кесиптик билим берүү программасын" (НКББП) окутуучулар арасында талкуулоо болуп өттү. Тегерек столго информациялык технологиялар бөлүмүнүн башчысы А. Э. Саттаров, информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклынын башчысы К. К Шакиров кесиптик жана гуманитардык сабактардан берген окутуучулар катышты. 2022-2023-окуу жылына карата иштелип чыккан НКББП менен ар бир адистиктин программа жетекчилери тааныштырды. Жыйынтыгында окутуучулар өздөрүнүн пикир сунуштарын айтышып протоколдоштурулду.

165 17:09 03-02-2023

                 

Haber

|< 1 >|