Haber

Спартакиада Информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклы

Ош мамлекеттик университетинин факультеттер, колледждер аралык профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлер ортосунда өткөрүлгөн XXXI спартакиадасында STEM инновациялык колледжинин эмгек жамааты жалпы эсеп менен 2-орунга жетишти. ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын ортосунда өткөн спартакиада жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болду. Ага ректор Кудайберди Кожобеков катышып, спорттук мелдешке жигердүү катышкан окутуучуларга ийгилик каалап, ыраазычылык билдирди. Сыйлоо аземинде спорттук мелдеште мыктылыгын көрсөткөн катышуучуларга “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” жана “Мыкты коргоочу” номинациялары ыйгарылды. Профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда өткөн спартакиада спорттун 6 түрү волейбол, баскетбол, футбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча болду. Спартакиаданын жыйынтыгы менен STEM инновациялык колледжинин эмгек жамааты II-орунга жетишип, жалпы команданын курмаы күмүш медаль менен сыйланышты. Андан сырткары ыраазычылык баракчалары, диплом, мыкты оюнчу, мыкты коргоочу, мыкты дарбазачы номинациялары менен сыйланышты.
Спартакиаданын Информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклынын мыктылыры:
Волейбол – 40 жаштан жогорку жаш курактагы агайлар
“Мыкты оюнчу”- Шакиров Кылычбек Курбанбекович цикл башчы
“Мыкты либеро” - Камил уулу Артур
168 04:14 26-12-2023

                 

Haber

|< 1 >|