Haber

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫНДА

Бүгүн, 2022-жылдын 23-апрелинде ОшМУнун магистранттарынын илимий-практикалык конференциясына Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин магистранттары да активдүү катышышты. Пленардык бөлүктө эң мыкты баяндама жасаган үчүн Асилбек кызы Мадинага диплом тапшырылып, жетекчиси, ф.и.к., доцент Н.Мапаевага магистратура жана PhDдокторантура бөлүмүнүн башчысы И.Г.Кенжаев тарабынан ыраазычылык билдирилди. Ошондой эле секциялык бөлүктө жасаган мыкты докладдары үчүн 1-даражадагы диплом Сапарбек кызы Эркайымга, 2-даражадагы диплом Мухамбет кызы Айзирекке, 3-даражадагы диплом Мамасадык кызы Айданага ыйгарылды. Ийгиликтердин артында мыкты окумуштуулар турат, магистранттарыбыз өсө берсин. Магистратура бөлүмүнүн ишине ийгиликтерди каалайбыз!
217 19:08 23-04-2022

                 

Haber

|< 1 >|