Haber

“Өндүрүш аркылуу студенттин кесиптик компетенцияларын калыптандыруунун ролу”.

Бүгүн 18.02.2023 Медицина факультетинде ОШМУ нун ӨНДҮРҮШТӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШТАР ДЕПАРТАМЕНТИнин 2022-2023 - окуу жылынын февраль айындагы бекитилген иш пландын негизинде “Өндүрүш аркылуу студенттин кесиптик компетенцияларын калыптандыруунун ролу” аттуу семинар болуп өттү. Семинарга Кыргызстандын түштүк аймагынан келген медицина жана фармацевтика мекеме - уюмдарынын жетекчилери, өкүлдөрү катышышты. Кесипкөй компетенттүү адис даярдоодо жумуш берүүчүлөр менен пикир алмашуу жана талкуулар болуп өттү. Жумуш берүүчүлөр билим берүүдөгү көйгөйлөрдү жана пайдалуу сунуштарды айтышты. Кызыктар тараптарга медициналык билим берүү программалары, онүгүү стратегиялар боюнча маалымат берилип, кызуу талкуу болду. Семинардын аягында резолюция кабыл алынды.
156 15:11 18-02-2023

                 

Haber

|< 1 >|