Haber

ОшМУнун 11 студенти Чехиянын Батыш Чех университетине окууга аттанышты

Ош мамлекеттик университетинин ректорунун м.а. Кудайберди Кожобеков 24-октябрда Чехиянын Батыш Чех университетине билим алып келүүгө аттанып жаткан университеттин 11 студентин кабыл алып, окууларына ийгилик каалады. Ошондой эле студенттерди татыктуу билим алып, жаңылыктар, сунуштар менен келүүгө чакырды. Батыш Чех университетинин эл аралык мамилелер факультетинин 9 студенти, 1 магистранты жана чыгыш таануу жана тарых факультетинин 1 студенти 4-ноябрь күнү ОшМУнун жана Батыш Чех университетинин эки тараптуу келишимдеринин алкагында Чехияга жөнөп кетишет. Жолушууга катышкан ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев жана ОшМУ менен Батыш Чех университетинин кызматташтыгын бекемдөөгө салым кошуп келе жаткан ОшМУнун доценти Эрлан Камалов да студенттердин окууларына ийгилик каалап, алыскы чет жерде жүргөндө коопсуздук маселелерин сактап, жакшы окуп келүүлөрүн каалашты. Белгилей кетсек, учурда Батыш Чех университетинде ОшМУнун 4 студенти, 1 магистранты окуп жатышса, Батыш Чех университетинин 11 студенти ОшМУда билим алып жатышат.
897 15:41 29-10-2019

                 

Haber

|< 1 >|