Haber

Магистратурада окуу пландары бекитилди!!!



Ош мамлекеттик университетинин магистратурасынын тиешелүү багыттары боюнча окуу пландарын бекитүү жөнүндө чечим 2014-жылдын 18-ноябрындагы Окмуштуулар Кеңешинде каралып бекитилди. Бул жонүндөгү буйрукка Ош МУнун ректору, профессор Исаков Каныбек Абдуваситович 2014-жылдын 27-ноябрь күнү кол койду.

Буйрукка ылайык магистратуранын саясат таануу, аймак таануу, социалдык иштер, социалдык-экономикалык билим берүү, филология, филологиялык билим берүү, лингвистика, педагогика, экономика, менеджмент, химия, биология, география, туризм, көркөм билим берүү, математика, колдонмо математика жана информатика, информациялык системалар жана технологиялар, электроэнергетика жана электротехника, колдонмо информатика жана физика багыттары боюнча окуу пландары бекитилди.

Кыргыз Республикасындагы эң ири ЖОЖ болуп эсептелген Ош МУда магистратура 2008-жылы “Экономика” багыты боюнча ачылган. Азыркы учурда университетте 26 багыт боюнча магистрлер даярдалууда.

4222 12:00 05-12-2014

                 

Haber

|< 2 3 4 5 6 >|