Haber

“Эл аралык мамилелер” жана “Бизнес жана менеджмент” факультеттеринин бүтүрүүчүлөрү менен болгон жолугушуу!


ОшМУнун магистратура департаментинин директору э.и.к., доцент Э.Т.Камалов факультеттин декандары г.и.д.,профессор А.Низамиев, ф.-м.и.к., доцент А.Асанов жана факультеттердин магистратура боюнча жооптуулары к.п.н.,доцент Р.Абазбек уулу,э.и.к., доцент М.Джоробаева менен биргеликте профориентациялык иштердин алкагында 13-апрель күнү “Эл аралык мамилелер” жана 14-апрель күнү “Бизнес жана менеджмент” факультеттеринин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуп, аларга магистратуранын азыркы ааламдашуу доорунда дүйнөлүк бирдиктүү билим берүү мейкиндигине кошулуудагы активдүү иш-аракеттери жөнүндө кеңири айтып берди.

Жолугушуу учурунда магистрдик даражанын азыркы коомдогу орду жөнүндө кеңири түшүнүктөрдү берип, Ош МУнун магистратурасына тапшыруу эрежелери, окуу процесси жана башка багыттар боюнча студенттердин берген суроолоруна толук жооп берди.






2584 09:42 18-04-2015

                 

Haber

|< 2 3 4 5 6 >|