Haber

Магистратура департаменти Жалалабат областында!!!

Ош МУнун магистратура департаментинин директору доцент Эрлан Камалов жана Математика жана информациялык технологиялар факультетинин магистратура башчысы, Бизнести башкаруу академиясынын магистри Өмүрбек Имаралиев менен биргеликте 12-13 июнь күндөрү Жалалабат областынын Кара-Көл, Таш-Көмүр, Көк-Жангак, Шамалды-Сай, Майлы-Суу, Жалалабат шаардык билим берүү башкармалыктарында, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондук билим берүү башкармалыктарында, Жалалабат мамлекеттик университетинде, Кыргызстан эл аралык университетинин Жалалабаттагы филиалында, Экономика жана ишкердүүлүк университетинде иш сапарында болушту Жолугушуунун катышуучулары жогорку билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүдөгү магистратуранын ролун жана маанисин баса белгилешип, Магистрдик диплом – бул илимий карьеранын башаты гана эмес, жетекчилик кызматтарга жана престиждүү жумушка орношуудагы негизги конкуренциялык артыкчылык экенин айтышты.
5102 10:22 16-06-2014

                 

Haber

|< 2 3 4 5 6 >|