Haber

"Эмгек жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузбай сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөл жана контроль"

2023-жылдын 7-декабрында Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинде Эмгек укугу курсу боюнча "Эмгек жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузбай сактоо боюнча мамлекеттик көзөмөл жана контроль" атту темада 3-курстун студенттерине конок лекцияны “Жарандык укук жана процесс” кафедрасынын доценттери Д.А.Жунусова жана Н.А.Пазылов тарабынан уюштурулду. Чакырылган коноктор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөлүк жумушчу күчтөрү менен иштөө бөлүмүнүн башкы адиси Б.Э.Кудайбердиев жана Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборунун өкүлү И.К.Мурзабеков келип катышып беришти. Лекция жүрүшүндө жарандардын эмгеке болгон укуктарын коргоо жана тышкы миграция боюнча ачык талкуу болду.
481 04:48 08-12-2023

                 

Haber

|< 2 3 4 5 6 >|