Haber

Соттук экспертиза адистигинин 4-курстары практика алдында

Юридика факультетинин "Соттук экспертиза" багытынын 4-курстары үчүн адистиги боюнча практиканын алдында Юридика факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары, практика жетекчиси жана кафедра башчысы студенттер менен биргеликте конференция өткөрдү. Конференцияда өндүрүштүк практика менен адистиги боюнча практиканын айырмасы, максаттары жана студенттердин милдеттери тууралуу сөз кылынды. Практика өтөө учурунда суроолор же маселелер пайда болсо окуу жай тарабынан, практика жетекчилер тарабынан жардам көрсөтүлөрү айтылды.
125 06:49 01-04-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|