Haber

"Учурдагы Кыргыз Республикасынын конституциясынын жана өзгөртүүлөр менен кабыл алынган кылмыш-жаза жана процессуалдык мыйзам актыларынын улуттук, укук тутумундагы актуалдуулугу" аттуу илимий-практикалык конференция

Ош мамлекеттик университетинде апрель айында жыл сайын салтка айланган илимий жумалык өтүп келет. Бул багытта 2024-жылдын 24-апрелинде Юридика факультетинин Кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасы "Учурдагы Кыргыз Республикасынын конституциясынын жана өзгөртүүлөр менен кабыл алынган кылмыш-жаза жана процессуалдык мыйзам актыларынын улуттук, укук тутумундагы актуалдуулугу" аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияны ачып берүү үчүн Юридика факультетинин деканы ю.и.д., профессор Кулдышева Гульсара Кенжеевна, Кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын кафедра башчысы ю.и.д., профессор Токторов Эгемберди Самидинович сөз сүйлөдү “КЖУП” кафедрасынын доценти, ю.и.к. Турсунбаева Чолпон Манасовна, “Оптимизация уголовного законодательства в Кыргызской Республике”, доцент, Абдыразаков Хасан Кахраманович, “Уголовно исполнительная политика современного Кыргызстана” улук окутуучу Жээнбекова Жазгуль Субановна, “Учурдагы КР конституциясы менен байланыштагы Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамынын өзгөртүлгөн укуктук байланыштарынын актуалдуулугу”, ЮР(б)-3-20 Сражидинова Толгонай Эргешалиевна “Кылмыш жаза процессуалдык мыйзамына киргизилген, өзгөртүүлөр боюнча, бүгүнкү күндөгү депонирлөөнү колдонуунун актуалдуулугу” деген аталышта доклат окушуп, студенттер менен талкуу болду. Коноктор: ОшШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын майору Бердалиев Торогелди Эргешович, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине караштуу юридикалык жардам кызматы региондор аралык башкармалыгынын сектор башчысы, Абдуллаев Сабырали Акматалиевич, Ош облустук прокуратурасынын кылмыш, жарандык өндүрүш жана соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Мерканов Адилет Асанович конференцияга келип, иш жүзүндөгү тажрыйбалары менен бөлүштү.
73 05:13 26-04-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|