Haber

“Кыргыз Республикасынын азыркы мезгилдеги укуктук саясаты” темада семинар

Бүгүн, 2024-жылдын 20-апрель күнү ОшМУнун юридика факультетинин магистратура бөлүмү тарабынан традициялык илимий-методологиялык семинар өттү. Семинардын темасы “Кыргыз Республикасынын азыркы мезгилдеги укуктук саясаты” деп коюлган. Иш-чарага факультеттин жетекчилиги, окутуучулук-профессордук курам, иш берүүчүлөр жана магистранттар катышты. Андан сырткары эксперт катары Жарандык укук жана процесси кафедрасынын профессору, ю.и.д. Н.Б.Мурзаибраимов; Мамлекеттин, укуктун теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти, ю.и.к. С.А.Минбаев; Кылмыш жаза укугу жана процесси кафедрасынын доценти, ю.и.к. Ж.Ж.Орозов; уюштуруучу жана модератор катары магистратура бөлүмүнүн башчысы, ю.и.к., доцент Ж.А.Дехкановалар катышып, магистранттардын илимий-изилдөөлөрүнүн актуалдуулугу, жаңылуулугу, практикалыфк маанилүүлүгү кызуу талкууланды. Жыйынтыгында мыкты докладтар аныкталып, 1-2-3-даражадагы дипломдор жана сертификаттар тапшырылды.
70 03:18 22-04-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|