Haber

Кафедрада илим жумалык

Кафедрада илим жумалык Ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана БОУ кафедрасында 2024-жылдын 19-апрелинде ОшМУнун 85-жылдыгына жана илим жумалыгы болуп өттү. Бул иш чарага кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын башчысы А.М. Абдыкааров жана окутуучулары, студенттер катышты. Бул иш чарада кафедранын окутуучуларынын илимий багыттагы долбоорлордун жана студенттердин стартаптарынын жыйынтыктары боюнча даярдалган көргөзмө уюштурулду. Кафедранын доценти Эмилбекова Динара Арынбаевна, ага окутуучу Уметалиев Мырзаалы Торобаевич, ЕНОБ(м)1-22 тайпасынын магситранттары Бекназар кызы Клара, Кадырмамат кызы Курманжан, ЕНО(м)-1-22 тайпасынын магситранты Орозбаева Элнура илимий баяндама жасашты. Маматкулов Ороз Идирисовичтин куратордук БК-1-22 тайпасынын студенттери интелектуалдык оюн көрсөтүп беришти. Ийгилик жараткан командалар жана Ыссык-Көлдөн сырткы мобилдүүлүк боюнча келген студент алдынкы орунду алгандыгы үчүн уюштуруу тобу чакан сыйлыктары менен сыйлашты.
78 05:05 20-04-2024

                 

Haber

|< 1 >|