Haber

Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети Армениянын ЖОЖдору менен байланыштарды күчөтөт

Экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасынын, профессору Низамиев А.Г. жана доцентинин м.а. Момошев Г.А. 2024-жылдын 8-13-январында Эразмус+ долбоорунун “Армения менен Кыргызстанда дисциплиналар аралык дипломдон кийинки билим берүү программаларын өнүктүрүү жана географиялык маалыматтык технологиялар тармагында изилдөө тармактарын бекемдөө” (GeoTAK) долбоорунун жыйынтыктоочу семинарына катышып келишти. Бул иш-чаранын алкагында Армениянын архитектура жана курулуш улуттук университетинде, Ереван мамлекеттик университетинде жана Армениянын Улуттук агрардык университетинде болуп, алардын материалдык-техникалык базасы жана эл аралык долбоорлор менен иштөөдөгү ийгиликтери менен таанышышты. Биргелешип долбоорлорду аткаруу, окуу-илимий байланыштар ж.б. боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Армениянын башкы жаратылыш сыймыгы болгон Севан көлүнө экскурсия жасалды.
233 07:22 15-01-2024

                 

Haber

|< 1 >|