Haber

МФТИТИдеги ОшМУнун 85-жылдыгына арналган илимий жумалыктын жыйынтыгы

24-апрель күнү ОшМУнун 85 жылдыгына арналган “Математиканын, физиканын, техниканын, информациялык технологиялардын актуалдуу маселелери жана физика, математика, информатика мугалимдерин даярдоодогу азыркы тенденциялар” аталышындагы ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫнын жабылуу аземи болуп, институттун директору физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Бектур Абдрахманович илим жумалыгына катышкан бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди. Илим жумалыгында ИСП кафедрасынын улук окутуучусу Т.С. Тажикбаева мыкты доклад жасагандыгы үчүн жана XI аймактык олимпиада 1-орунду ээлеген студенттерге жетекчилик кылган кафедранын доценти Б.О. Көчкөнбаевалар I даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Ал эми окуучусу З.Ж. Мурзакматовага илим жумалыгына активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык баракча ыйгарылды. Андан сырткары кафедранын магистранттары, студенттери инстутуттун 1-2-3- даражадагы дипломдору, ыраазычылык каттары жана белектер менен сыйланышты.
56 06:58 26-04-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|