Haber

Административдик кеңеш, 22 Ноябрь 2021 жыл

22.11.2021 ж. медицина факультетинин административдик кенешинин жыйыны болуп өттү.Административдик кенешинин кун тартибинде төмөндөгүдөй маселелер каралды: 1.Дисциплиналар боюнча 1-модулдук текшурүүнүн жыйынтыктары жөнүндө. 2.Факультетте өткөрүлгөн студенттик илимий-практикалык конференциясынын жыйынтыктары жөнүндө. 3.Факультетке караштуу жатаканада жана окуу корпусунда нөөмөт өтүү иштерин уюштуруу, графиктерин бекитүү жөнүндө. 4.Ар түрдүү маселелер. 2-маселеде илимий иштер жана эл аралык мамилелер боюнча декандын орун басары Шерматова У.Б. баяндама окуду. Баяндамада 18.11.2021 ж өтүлгөн студенттик илимий конференция жөнүндө маалыматтар берилген. Кафедра башчылары проф.Маметов Р.Р., проф.Тайчиев И.Т., проф.Шатманов С.Т. төмөндөгүдөй сунуштарын беришти: - медицина факультетинде илимий студенттик конференцияда катышып 1,2,3 орунду ээлеген студенттерге акчалай сыйлык, белектерди тапшыруу,ар бир кафедрадан 500-1000 сомго чейин акча топтоо 1,2,3 орунду ээлеген студенттерге белек, акчалай сыйлык тапшыруу үчүн. 4-меселеде аспиранттар жөнүндө маалымат берди. Медицина факультетинде 10 кафедрада гана аспирант бар.48 аспиранттын ичинен 30 аспирант отчет тапшырылганын эскерди.
112 13:57 02-12-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|