Haber

"Студент жана илимий-техникалык прогресс" аттуу VIII аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү. (30 Ноябрь 2021 жыл)

30.11.2021 ж. ОшМУнун башкы корпусунун чон актовый залында "Студент жана илимий-техникалык прогресс" аттуу VIII аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү. Пленардык кенешмеде ОшМУнун медицина факультетинин студенти Авазбеков Бектурсун “Радиационная и дифференциальная диагностика сведений компьютерной томографии больных Ковид-19” баяндамасы менен чыкты. Конференцияда жалпы 16 секциялык иштен турду. 15 чи "Медицина" секциясы медицина факультетинин 103 а аудиториясында өттү. 15 чи "Медицина" секциясынын модератору профессор Маметов Р.Р. жана катчы доцент Тажибаев М.К. баарына ийгилик тилеп конференцияны ачып беришти. 15 чи секцияда жалпы 20 баяндамачы, арасында медициналык колледж жана КУУ окуу жайларынын студенттери да катышты. Жыйынтыгында 1 чи даражадагы диплом менен - Нуриддинов Дилербек 5ЛБ-1а-17 тайпасынан “Инородные тела дыхательных путей у детей и их бронхоскопическое удаление” аттуу доклады менен жана Нурбек кызы Айпери 3ЛБ-1а тайпасынан "Влияние продуктов сгорания табака на процесс трансформации клеток" аттуу доклады менен, 2 чи даражадагы диплом менен - Курманбек уулу Эмир 5ЛБ-1-17 тайпасынан "Удельный вес факторов риска гипертонической болезни населения г. Ош." аттуу доклады менен жана Каримова Айзирек,Аллабердиева Айдай, Арстанбекова Аяна (медициналык колледж) "Актуальные применение наружных лекарственных средств на основе природного происхождения, используемые в косметологии" аттуу доклады менен, 3 чү даражадагы диплом менен - Батырбек кызы Зыяда, Шайырбек уулу Сулайман(медициналык колледж) "Болочок фельдшерлерди даярдоодогу актуалдуу маселелер"аттуу доклады менен жана Сулайманова Айгерим, Раимбердиева Диана 3МПД-1-19 тайпасынан "Влияние дистанционного обучения на здоровье обучающихся" аттуу доклады менен катышуучулар женишке ээ болушту.
116 15:16 02-12-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|