Haber

"Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү компетенциялары" деген таталыштагы семинар-тренинг (29 Апрель 2022 жыл).

29-апрель 2022 ж. илимий-изилдөө бөлүмү тарабынан университеттин окутуучулары үчүн "Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү компетенциялары" деген таталыштагы семинар-тренинг өттү. Семинар-тренингде Scopus, web of science базасында катталган тиешелүү багыттагы илимий журналдарды издөө, аларга макала жиберүү жана басмага чыккан макаланы талаптарга ылайык текшерип алуу ( Кадыров Медербек Акбаралиевич); Долбоор жазуу, арыздарды берүү (техникалык тапшырма, календардык планы, чыгымдардын тизмеси), долбоор жазуунун талаптары (максат коюу, учурдагы актуалдуулугу ж.б.), долбоордун отчетторун тапшыруунун критерийлери. Питчинг презентациясы, Демо-день долбоорду коргоосу(эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Россия жана евразиялык интеграция бөлүмүнүн окутуучусу, жаш окумуштуулар кеңешинин мүчөсү Сапарбаева Айнура Абдилазимовна)каралды. Медицина факультетинен Ички оорулар 3 кафедрасынын окутуучусу Исраилова Д., Ички оорулар 2 кафедрасынын окутуучусу Исмаилова Ф. жана деканаттан илимий иштер боюнча улук адис Бостонова Б. катышышты.
129 11:23 10-05-2022

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|