Haber

ОшМУда жылдын мыктылары сыйланды.

17.06.2022 ж. ОшМУда жылдын мыктылары сыйланды.ОшМУда 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы менен “Жылдын мыктылары – 2022” сынактарынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.Аземде ректор Кудайберди Кожобеков студенттерди куттуктап, жобонун негизинде факультеттерден, колледждерден мыкты деп тандалып алынган 26 студентке ОшМУнун "Окумуштуулар кеңешинин стипендиаты" деген сертификаттарды жана 5000 сомдон акчалай сыйлыктарды тапшырды.Кеченин катышуучуларына концерттик программа тартууланды."Жылдын мыктылары-2022" сыйлоо аземинде медицина факультетинин студенттери Курманбек уулу Эмир, Аширова Бегимай, Маширапова Гулкан ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин стипендиясы, Абдуллаев Мурат, Нурбек кызы Айпери, Мойдунова Салтанат жана Топчубаев Торобек ОшМУнун Ардак грамотасы, "Жаш илимпоз-2022" долбоорунун женуучусу Авазбеков Бектурсун "Жаш илимпоз" төш белгиси жана 10 000 мин сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.Кеченин катышуучуларына концерттик программа тартууланды.
256 12:12 21-06-2022

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|