ОшМУнун жамаатына «Күзгү романс» спектакли тартууланат
10:10
Ош шаарынын С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын артисттери кезектеги спектаклди элге тартуулоо алдында турушат. Ал «Күзгү романс» пьесасы. Спектаклде болгону 4 эле каарман ойнойт. Алар эки мырза жана эки айым.
Театрдын артисти Алымкул Исаков жана А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын режиссеру Офелия Эркинбаевага таандык спектаклде үй-бүлө, сүйүү,темасы чагылдырылат. «Спектаклде жубайлардын материалдык байлык, моралдык баалуулук көз караштары түрдүү болгондуктан алар турмушта ажырашууга чейин барышат», - дейт режиссер..
Пьесанын соңунда турмушта кайра сыналган каармандар үй-бүлө деген ыйык нерсе экениндигин түшүнүп, кайра мурунку жашоосуна кайтып келишет.
Аталган пьеса ОшМУнун жамаатына 17-апрель күнү саат 16:00дө ОУДТда тартууланат.
Билет баасы: 20 сом.
2974 10:10 05-04-2014