Haber

"Тилди окутуудагы коммуникативдик методиканын негиздери" деген семинар өтүп жатат

ОшМУда 2017-жылдын июнь айында “Тилди окутуудагы коммуникативдик методиканын негиздери” деген семинардын биринчи модулу болуп өттү. Ага ОшМУнун бардык факультеттеринде жана колледждеринде кыргыз тилинен сабак берген окутуучулар катышышты. Семинарды ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кыргыз тили жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын окутуучулары доцент Т.А.Жороев жана А.Маматова өткөрүштү. Билим берүүнүн сапатын заман талабына ылайык жаңы баскычка көтөрө турган бул семинардын катышуучуларына ийгилик каалайбыз!
2115 13:05 01-07-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 >|