Haber

ОшМУда Айтматовду эскерүү кечеси болуп өттү

2017-жылдын 8-декабрь күнү ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин тегерек залында Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган "Айтматовду эскерүү" кечеси болуп өттү. Анда медициналык жана финансы юридикалык колледждин таланттуу студенттери тарабынан залкар жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр коюлуп, улуу жазуучунун элесине арналган ырлардан көркөм окуу жана музыкалык номерлер аткарылды. Ал эми университеттин бардык факультеттеринде мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан өткөрүлгөн чыгармачыл студенттердин эссе жазуу жана автордук ырлардын конкурсу жыйынтыкталып, аларды дипломдор менен сыйлоо аземи уюштурулду. Кечеге Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын Ош жана Жалал-Абаддагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун кызматкери Эркайым Маматкерим кызы катышып, сөз сүйлөдү.
1540 16:19 08-12-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 >|