Haber

Конок лекция

11.10.2023 Социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы Академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу максатында Андижан педагогикалык жана Андижан мамлекеттик медицина институттарына конок лекциялар менен барып тажрыйбаларын бөлүшүп келишти. Бул окуу жайлардын студенттери лекцияларда активдүүлүктөрүн көрсөтүшүп, суроо-жооптор менен коштолгон сабактар өз максатына жетти. Андижан педагогикалык институтунун чет тилдер кафедрасынын окутуучулары үчүн да "Санариптешүү доорунда англис, кыргыз тилдерин үйрөтүү" боюнча мастер-класстар өтүлдү. Мастер класстарда жогорку окуу жайларынын чет тил окутуучулары үчүн чет тилдерди окутуунун жаңы усулдары, технологиялары жана куралдары көрсөтүлүп, өз ара тажрыйба алмашылды. Институттун ректору өз сөзүндө окуу жайлардын ортосунда мындан ары да академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү максатында кызматташтык улана бериши учурдун талабы экенин белгиледи.
469 07:29 14-10-2023

                 

Haber

|< 3 4 5 6 7 >|