Haber

26.04.2024 Университеттин билим берүүдөгү туруктуу өнүгүүгө карай илимий изилдөөлөрдүн таасири" темасындагы тегерек стол

IELTS Language Training Centre долбоору 2024-жылдын 26-апрелинде эл аралык медицина факультетинде өтүп жаткан илимий жумалыктын иш планына ылайык "Университеттин билим берүүдөгү туруктуу өнүгүүгө карай илимий изилдөөлөрдүн таасири" темасындагы тегерек стол уюштурду. 2023-2024-окуу жылында ОшМУнун дагы бир 18 окутуучусунан турган тайпа академиялык англис тили менен бирге Scopus/WoS базасында индекстелген илимий журналдардын талабына ылайык илимий макала жазуу боюнча курсту аяктап, жыйынтыгында илимий изилдөө макалаларын талкууга коюшту. Талкууга ОшМУнун илимий иштер бөлүмүнүн башчысы ф-м.и.к., доцент Курбанбаева Н.Н., English Language Fellow Eric Rosales, ж.б. туруктуу өнүгүү боюнча эксперттер катышты. Тегерек столдун аягында акысыз курстарды уюштуруп, илимий макала жазуу боюнча көндүмдөрдү өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берген ОшМУга жана тренерлерге ыраазычылк билдиришти.
164 11:30 26-04-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|