Объявления

ИПКда "Ишкердүүлүккө окутуу" предметинин алкагында Улуттук жана Финка банктын өкүлдөрү финансылык сабаттуулук боюнча студенттерге семинар өтүштү.25-апрель, 2023-жыл.

25-апрель, 2023-жыл. Индустриалдык- педагогикалык колледжинде "Ишкердүүлүккө окутуу" предметинин алкагында Улуттук жана Финка банктын өкүлдөрү улуттук валютанын кабыл алынгандыгынын 30жылдыгына карата жана финансылык сабаттуулук боюнча студенттерге семинар өтүштү. Иш чаранын жүрүшүндө студенттерге улуттук валюта- сомдун тарыхы, сакталышы жана финансылык сабаттуулук тууралуу баалуу маалыматтар берилди. Студенттер тарабынан кызыккан суроолор көп болуп, иш чара жандуу өттү. Берилген маалыматтар студенттердин турмушунда кайсы бир деңгээлде пайдасы тийет деген үмүттөбүз. Ал эми баалуу маалыматтары менен бөлүшкөн Улуттук банктын окулдоруно Келдиев Н.Т., Исманов Э.М. жана Финка банктын окулу Жылдыз эжеге ИПКнын атынан терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз
363 10:59 27-04-2023

                 

Объявления

|< 1 >|