Haber

Ош шаарында уюштурулган «Кызматкерлердин укугу жана кызыкчылыктары, жарандык коомдук уюмдардын ортосундагы байланыш» темадагы тегерек столго катышып келди

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош жана Баткен областтык комитеттеринин кызматкерлери жана мамлекеттик эмес бейөкмөт уюмдардын катышуусунда 2016-жылдын 24-25-ноябрында Ош шаарында Борбордук Азиядагы ИНТРАК уюмунун өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасындагы Ф.Эберт фондунун өкүлчүлүгү жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан тегерек стол жана семинар уюштурулуп өткөрүлдү.Семинардын ачылышына Ош шаардык мэриясынын кызматкери, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин төрагасы А.Тойгонбаев катышып куттуктоо сөз сүйлөштү. Аталган семинарда билим берүү кызматкерлеринин укугу жана кызыкчылыктарын коргоодо аткарылып жаткан иштер жөнүндө Ош Мамлекеттик Университетинин профсоюз комитетинин төрагасы Ж. Акулов жана Карьера борборунун жетекчиси Г.Жакыпова кеӊири презентация жасап маалымат берди. Ошондой эле мамлекеттик эмес бейөкмөт уюмдардын катышуусунда мындан ары укукттук жактан кандай иштерди алып баруу жагы талкууланды. Ош мамлекеттик университетинен барган профсоюз комитетинин төрагасы,карьера борбору, жаштар комитети семинарды уюштурган Борбордук Азиядагы ИНТРАК уюмунун өкүлчүлүгүнө, Кыргыз Республикасындагы Ф.Эберт фондунун өкүлчүлүгүнө жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетине ыраазычылык билдиришет.
3765 12:05 29-11-2016

                 

Haber

|< 3 4 5 6 7 >|