"Биздин үйүбүз - биздин тирегибиз" кайрымдуулук фонду өткөргөн акцияга эл аралык мамилелер факультетинин ВА (б)1-18 жана РВ (б)2-18 тайпасынын студенттери катышып келишти.
16:15
Бүгүн ОшМУнун орус филологиясы (бардык 1-курстар) жана эл аралык мамилелер факультетинин ВА (б)1-18 жана РВ (б)2-18 тайпасынын студенттери менен "Биздин үйүбүз - биздин тирегибиз" кайрымдуулук фонду өткөргөн акцияга катышып келдик. Анда негизинен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, ата-энелерге колдоо көрсөтүлдү. Студенттер бул иш-чарага өз демилгелери менен катышып, балдарга таттууларды, азык-түлүктөрдү, жылуу кийимдерди, канцтоварларды берип, аз да болсо кубантышты. Албетте, биз алардын күндө көңүлүн ала албайбыз, бирок балдардын дили менен таанышып, жылуу сөзүбүздү тартуулай алдык.
1177 16:15 18-01-2019