Биздин сыймыктуу студенттерибиз
10:29
Спорттун кунг-фу түрү боюнча Кыргыз Руспубликасынын Чемпионатында биздин окуу жайдын студенти Ибрахимжанов Абубакиржан 70кг салмактагы балбандардын ортосунда 1-орунду багындарган!
Ал эми Бокс боюнча Ош Мамлекеттик университетинин
85 жылдык мааракесине арналган Жогорку окуу
жайлар арасындагы мелдеште 60 кг салмак
өлчөмүндөгү балбандар ортосундагы мелдеште
студентибиз Омурбакиев Эрмек 1-орунду ээлеген!
Бул студенттерибизди жеңиштери менен куттуктайбыз жана сыймыктанабыз!Алдыда дагы көптөгөн жеңишке жетишүүлөрүнө тилектешпиз.
198 10:29 25-03-2024