“Б
ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппаратынын “Ачык сабак”
педагогикалык-видеодолбоорунун жобосу
I. Педагогикалык-видеодолбоорунун максаты;
· Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу;
· Коомчулукту түрдүү билимдердин тармактары боюнча кабардар кылуу;
· Окутуудагы креативдүү, инновациялык, интерактивдүү усулдарды көрсөтүү;
· ЖОЖдордун профессордук-окутуучулук курамынын коомчулук алдындагы кесиптик жоопкерчилигин жогорулатуу;
· Студенттин билим алууга кызыгуусун арттыруу;
· Билимдүү студенттерге коомчулуктун көңүлүн буруу жана моралдык дем берүү;
· Билимди жана билимдүүлүктү даңазалоо:
II. “Ачык сабак” педагогикалык-видеодолбоорун уюштуруунун
кезеги жана мөөнөтү
ОшМУнун студенттик акыйкатчы аппараты педагогикалык-видеодолбоорунун жобосунун негизинде ар бир айда эки жолу ОшМУнун факультет, институт, колледждердеги кафедралардын бирден окутуучусунун сабагына катышып,
ачык сабактын жүрүшү толугу менен видеого тартылып, видео материал педагогикалык-видеодолбоорунун отчетуна тиркелет.
III. Факультет, колледждердин милдети
- “Ачык сабак” педагогикалык-видеодолбоор боюнча студенттерге маалымат берүү;
· Тиешелүү факультеттин кафедра башчысы ачык сабакка комиссиянын мүчөсү
катары катышуусу абзел;
· Белгиленген күнгө тиешелүү кафедрадан “Ачык-сабак” педагогикалык-видео
долбооруна жоопту окутуучу дайындоо:
IV. Байланыш дареги : ОшМУнун башкы имараты, 219-кабинет.Тел.:: 0773-03-97-14
Эскертүү:
Кезектеги педагогикалык ачык сабак өтүп берүүчу факультеттин тиешелүү кафедра башчысына бир жума мурун билдирүү берилет.