Haber

" 1-октябрь Карылар куну"

1-Октябрь Эл аралык карылар куну деп жарыяланган . Бул кунду 1990- жылы БУУ нун Баш катчылыгы расмий майрамдын катарына киргизген . Бул майрам биздин олкобуздо да кайдыгер каралбай откорулуп келет. Физика-техника факультетинин жаштар комитети баштаган студенттер курамы да соопчулук иштерин откорушту . Алар мумкунчулугу чектелген карыяларга азык тулук жана белектер тапшырышып . Биздин шаарыбызды таазалыгына кам коргон ишчилерге да жылуу кофе жана шириндиктер беришип ,алардын жакшы баталарына ээ болушту. Ата жөлөп турган тирек, эне акыл-насаат булагы демекчи, бизди бул дүйнөгө алып келген, тарбиясын берген ата-энелер. Ар бир адам улгаят, ошондуктан карыларга сый урмат жасоо ар бир адамдын милдети болсо керек. Карылар көптү көргөн, көсөм адамдар десек жаңылышпайбыз. Кыргызда сөз бар го «ата-энеси бар адам, эң бактылуу адам», «ата-энеңди көзү барда сыйлай бил» дегендей. Ата-эне жаш болсо да, барыбир улгаят, ал гана эмес биз дагы улгаябыз, ошондуктан ата-энени сөз менен эмес, иш-аракет, ак эмгегиңер менен сыйлай билгиле. Карынын батасын алга
н адам эч качан кор болбойт эмеспи, карынын батасын алгыла.
269 09:02 09-02-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|