1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү
06:26
1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата ДКжУМББ нун клиникалык жетекчилери жана ординаторлору ОшМУнун педагокика факультетинин студенттерине түшүндүрүү лекциясы өткөрүлдү. Бул иш чарага окуу жайдын студенттери жана мугалимдер жамааты катышты.
Лекциянын максаты болуп ВИЧ/СПИДге каршы күрөштө жаштарга ВИЧ-инфекциясын алдын алуу, сактануу жана маалымдоо аянтчасын берүү аркылуу күч-аракеттерди бириктирүү;
бейформал талкуу аркылуу жаштардын ВИЧ инфекциясы жана анын алдын алуу боюнча маалымдуулугун жогорулатуу болду.
Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналып, “СПИДге каршы бирге” деген темада өткөрүлдү.
592 06:26 05-12-2023