Haber

Активдүү иш берүүчү (стейкхолдер), сапаттуу НКББП, мыкты адис

2024-жылы 16-февраль күнү Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде Эмгек рыногунун талабына ылайык Акушерлерди даярдоодо окуу программасын жакшыртуу максатында "Активдүү иш берүүчү (стейкхолдер), сапаттуу негизги кесиптик билим берүү программа, мыкты адис” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго иш берүүчүлөр, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр, окутуучулар жана Акушерлер алянсынан, мэриядан өкүлдөр жана ОшМУнун карера борборунун башчысы катышышты. Активдүү иштешкен иш берүүчүлөргө, бүтүрүүчүлөргө колледждин "Ыраазычылык баракчасы" тапшырылды.
406 18:00 16-02-2024

                 

Haber

|< 2 3 4 5 6 >|