Haber

ОшМУ Чжэнчжоу университетинин айыл чарба институту менен келишимине кол койду

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун Кытай Эл Республикасына болгон иш сапары уланууда. Делегация Кытайдын Чжэнчжоу университетинин айыл чарба институту менен кызматташуу келишимине кол койду. Түзүлгөн келишимдин негизинде ОшМУ айыл чарба жаатында аталган институт менен эт багытындагы койлордун, уйлардын сапаттуулугун жогорулатуу долбоорлору боюнча кызматташат. Ошол эле учурда ветеринария жана агрономия багыттары боюнча ОшМУнун бүтүрүүчүлөрүн магистратурада бюджеттик негизде окутуу, ветеринар адистер ортосунда тажрыйба алмашуу да ишке ашат.
114 05:51 29-04-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|