Haber

ОшМУ Франциянын окуу жайлары менен кызматташат (19 Октябрь 2021 жыл)

ОшМУ Франциянын окуу жайлары менен кызматташат Франциянын Кыргыз Республикасындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус иш сапары менен Ош мамлекеттик университетине келип, ректор К.Г. Кожобековдун кабыл алуусунда болду. Расмий жолугушууда тараптар кызматташуу маселелерин талкуулашты. Элчи мырза өз сөзүндө ОшМУ тууралуу көп маалымат алгандыгын, бул окуу жайда 45000ге жакын студенттин, б.а. шаардын калкынын 15 пайызы окуй тургандыгы өзгөчө таасир калтыргандыгын айтып, ушул жылдын аягына чейин Бишкек шаарында француз-немец маданий-гуманитардык борбору ачылып, ал ОшМУ менен тыгыз кызматташуусуна бекем ишене тургандыгын билдирди. ОшМУнун Эразмус+ программасынын алкагында Европа окуу жайлары менен жигердүү иштеп жаткандыгын кубануу менен белгилеп, жакынкы күндөрү Франциянын окуу жайлары, тагыраагы Пуатье университети менен ОшМУнун ортосунда байланыш түзүү маселесин карай тургандыгын кошумчалады. Ал эми ректор Кудайберди Гапаралиевич ОшМУ бардык багыттар боюнча кесипкөй кадрларды даярдаган ири классикалык окуу жай катары улуттук рейтингде 5 жылдан бери катары менен биринчи орунду камсыздап, быйыл “НААР” көз карандысыз аккредитациялык агенттиги өткөргөн рейтингде Евразиянын алдыңкы 10 окуу жайынын катарына, Орто Азиядагы бештикке киргендигин, “10+10+10+10” өнүгүү стратегиясы боюнча иш жүргүзүп жаткандыгын, чет өлкөлүк окуу жайлар менен кош дипломдуулук программасын түзүү иштери жолго коюлуп калгандыгын маалымдады. Ошондой эле университет чет элдик, анын ичинде Европалык окуу жайлар менен кызматташуу багытында жетишерлик тажрыйбага ээ болгондугун, алар менен айрыкча академиялык мобилдүүлүк жүргүзүү, биргелешкен билим берүү программаларын түзүү, Web of science, Scopus индекстүү илимий журналдарда биргеликте макалаларды жарыялоо ж.б. багыттарда иштешүүгө кызыктар экендигине токтолду. Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде француз тили окутула тургандыгын эске салып, элчиликти Франция окуу жайлары менен кызматташууга көпүрө болуп берүүгө жана ОшМУда дагы француз интеллектуалдык өнүктүрүү борборун ачуу маселесин карап чыгууга чакырды. Эсиңиздерге сала кетсек, Франция элчилиги ОшМУ менен маданий-гуманитардык, билим берүү багыттарында тыгыз кызматташып келе жатат. Пандемияга чейин 2020-жылдын башында мурунку элчи Микаэль Ру иш сапары менен келип, кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашып кеткен болчу.
113 14:44 12-11-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 >|